Окуу программасы жөнүндө
Бакалавриат программасын өздөштүрүү алкагында бүтүрүүчүлөр төмөнкү типтеги кесиптик ишмердүүлүк милдеттерин чечүүгө даярданышат: • долбоордук-конструктордук • илимий-изилдөөчү Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн негизги объекттери болуп төмөнкүлөр саналат: • ийкемдүү өндүрүш системаларын, робототехникалык системаларды башкаруунун математикалык, маалыматтык жана имитациялык моделдери • робототехникалык системаларды башкаруу процессин программалык камсыздоо, мехатроника жана робототехникалык системалар жаатындагы илимий-изилдөө иштеп чыгуулары • системаларды башкаруу үчүн ар кандай программалык чөйрөлөр менен айкалыштыруу программалары, долбоордук-конструктордук документация, техникалык документация элементтери






