Окуу программасы жөнүндө
Бул билим берүү программасы социалдык жана медициналык чөйрөлөрдө колдонулган маалыматтык технологиялар жана системалар жаатында иштөөгө жөндөмдүү адистерди даярдайт. Программа колдонмо тармактарда маалыматтык системаларды талдоо, долбоорлоо, иштеп чыгуу, киргизүү жана коштоо үчүн зарыл болгон компетенцияларды түзүүгө багытталган.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Программанын бүтүрүүчүлөрү төмөнкү тармактарда иштей алышат: • изилдөө жана анализ: предметтик тармактарды изилдөө, маалыматтык процесстерди реализациялоо жана маалыматтык системаларды куруу ыкмаларын иштеп чыгуу; • долбоорлоо жана иштеп чыгуу: колдонмо жана маалыматтык процесстерди моделдөө жана долбоорлоо, маалыматтык системаларга талаптарды иштеп чыгуу; • ишке киргизүү жана коштоо: колдонмо жана маалыматтык процесстерди реинжиниринг кылуу, маалыматташтыруу долбоорлорун иштеп чыгуу, маалыматташтыруу долбоорлорун башкаруу; • башкаруу жана консалтинг: автоматташтыруу сапатын башкаруу, колдонмо процесстерди автоматташтыруу жана маалыматташтыруу боюнча окутуу жана консалтинг.