Окуу программасы жөнүндө
Программа айлана-чөйрөнү коргоону, жаратылышты пайдаланууну жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун негизги механизмдери катары экологиялык мониторинг, экспертиза жана аудиттин заманбап ыкмаларын кеңейтип изилдөөгө багытталган. Айлана-чөйрөнү мониторинг кылуу жаатындагы илимий-изилдөө жана долбоордук-өндүрүштүк иштердин методологиясын жана методикаларын, ошондой эле заманбап лабораториялык-инструменталдык, дистанциондук жана ГИС-технологияларынын негизинде инженердик-экологиялык изилдөөлөр процессинде айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо технологияларын өздөштүрүү каралган.






