Окуу программасы жөнүндө
«Биология» программасы тирүү табиятты жана анын мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөө, биологиялык системаларды чарбалык жана медициналык максаттарда колдонуу, ошондой эле биоресурстарды жана табигый чөйрөнү калыбына келтирүү менен алектенген адистерди даярдайт. Негизги багыттар: биомедицина, биофизика, биохимия, ботаника, генетика, зоология, физиология. Окуу учурунда студенттер теориялык билимдерди алышат, лабораториялык иштерге жана талаа изилдөөлөрүнө катышышат.






