Окуу программасы жөнүндө
Ордатура программасы боюнча «Ревматология» адистиги боюнча окууга тапшырган адамдар «Дарылоо иши» же «Педиатрия» адистиги боюнча жогорку билимге ээ болушу керек. Окуу күндүзгү формада ички оорулар кафедрасынын базасында, лекциялар жана семинардык сабактар аркылуу түздөн-түз окутуучу менен өткөрүлөт. Ординара программасы клиникалык базаларда окуучуларды практикалык даярдоону карайт.










