Окуу программасы жөнүндө
1. Заманбап коомдо психолог кесиби абдан келечектүү, анткени психологдор коомдун ар кандай чөйрөлөрүндө талап кылынат; 2. Окуу процессинде биздин студенттер ар түрдүү практикалык көндүмдөрдү алышат, аларды дароо кесиптик ишмердүүлүгүндө колдоно алышат; 3. Психолог кесиби — адамдарга жардам берүүгө мүмкүнчүлүк берген кесиптердин бири, бул кесипти тандоого татыктуу себеп.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Бүтүрүүчүлөр кайда иштей алышат: Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү, юриспруденция, башкаруу, калкка социалдык жардам көрсөтүү, ошондой эле коомдук жана чарбалык уюмдарда, административдик органдарда, жеке адамдарга жана уюмдарга психологиялык кызматтарды көрсөтүүчү илимий-изилдөө жана консалтинг уюмдарында психолог болуп иштөө.