Окуу программасы жөнүндө
«Стандартташтыруу жана метрология» программасы («Бизнести стандартташтыруу» профили) продукциянын сапатын баалоо жана контролдоо чөйрөсүндөгү стандартташтыруу жана метрология боюнча инженердин кесиптик ишмердигине негизделген заманбап адистик болуп саналат. Адис продукциянын талаптарга жана стандарттарга, анын ичинде эл аралык стандарттарга, шайкештигин камсыз кылат, ченемдик жана техникалык документтерди (ишкананын стандарттарын, сыноо методикаларын), контролдоо жана сыноо ыкмаларын иштеп чыгат, жабдууларды текшерүүгө, продукцияны декларациялоого жана сертификациялоого катышат, сапатты жана коопсуздукту башкаруу системаларын киргизип, процесстердин ишенимдүүлүгүн жана продукциянын жогорку сапатын камсыз кылат.












