Окуу программасы жөнүндө
Студенттер англис жана немис тилдерин, чет эл адабиятын, котормо таанууну жана маданияттар аралык коммуникацияны тереңдетип окушат, чет тилдерди окутуунун методикаларын өздөштүрүшөт, ошондой эле лингвистикалык жана адабият таануу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана ар түрдүү стилдеги жана жанрдагы тексттерди редакциялоону үйрөнүшөт. Практикалык даярдык котормочулук, окутуучулук, изилдөөчүлүк жана редакторлук ишмердикти камтыйт. Бүтүрүүчүлөр котормочу, чет тилдеринин окутуучусу, чет тилдүү ЖМКлардын жана веб-сайттардын редактору, чет өлкөлүк медианын аналитиги, эл аралык бөлүмдөрдүн адиси, рекрутер жана кызматкерлерди окутуу боюнча менеджер болуп иштей алышат.
«Англис тили жана адабияты» профили








