Окуу программасы жөнүндө
Бул программа уюм менен коомчулуктун ортосунда натыйжалуу коммуникация түзө алган адистерди даярдайт. Окуу учурунда сиз жарнамалык жана PR-тексттерди жазууну, көргөзмөлөрдөн тартып ири фестивалдарга чейин ар кандай иш-чараларды уюштурууну үйрөнөсүз. Коомдук пикирди талдоо технологияларын өздөштүрүп, ар түрдүү коммуникациялык стратегияларды жана тактикаларды колдонууну, жарнамалык жана PR-кампанияларды сабаттуу уюштурууну үйрөнөсүз. Кесиптик жактан ишке ашуу мүмкүнчүлүктөрү кеңири: SMM-менеджерден бренд-стратегге чейин.








