Окуу программасы жөнүндө
Программа ар кандай уюштуруу-укуктук жана менчик формаларындагы бизнести түзүп, башкарган ишкерлерди, ошондой эле бизнестин ийгиликтүү жана туруктуу өнүгүшүн камсыз кылган комплекстүү билимге, кесиптик жана жеке компетенцияларга ээ жетекчилерди жана функционалдык адистерди даярдоого багытталган. Ошондой эле программа менеджменттин методологиясын өздөштүрүүнү жана долбоорлорду башкаруу боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болууну камтыйт.








