Окуу программасы жөнүндө
Программа тышкы саясий ишти мамлекеттик башкаруу жаатында адистерди даярдоого багытталган. Программа бүтүрүүчүлөрдө эл аралык мамилелер, мамлекеттин тышкы саясаты жана тышкы экономикалык байланыштар чөйрөсүндө башкаруучулук компетенцияларды калыптандырат. Бул программанын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик башкаруу тармагында да, тышкы экономикалык жана маданий мамилелер маселелери боюнча корпоративдик консалтинг жаатында да кесиптик ишмердигин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.








