Окуу программасы жөнүндө
Курулуш — бул адам ишмердүүлүгүнүн эң талап кылынган чөйрөлөрүнүн бири болуп саналат жана ага дайыма жогорку кесипкөй кадрлар талап кылынат. Бүтүрүүчүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн объекттери болуп турак жай, жарандык жана өнөр жай имараттары; инженердик, гидротехникалык курулуштар; шаардык инфраструктура жана турак жай-коммуналдык чарба объекттери; курулуш, эксплуатациялоо жана реконструкциялоо учурунда колдонулган машиналар, жабдуулар, технологиялык комплекстер саналат.










