Окуу программасы жөнүндө
Программа өнөр жай ишканалары жана коммерциялык уюмдар үчүн инженердик-техникалык, орто деңгээлдеги жетекчи жана илимий-техникалык кызматкерлерди даярдоого багытталган, алардын ишмердүүлүгү технологиялык машиналар жана механизмдерди тейлөө, иштеп чыгуу, долбоорлоо, өндүрүү менен байланыштуу. Адистердин ишмердүүлүк чөйрөсү техникалык системаларды оптималдуу башкаруу, технологиялык машиналар жана жабдуулардын техникалык эстетикасы жана эргономикасы, технологиялык машиналар жана жабдууларды автоматташтырылган долбоорлоо, тармактык ишканалар үчүн технологиялык машиналар жана жабдуулардын ишенимдүүлүгүн камсыз кылууну карайт.









