Окуу программасы жөнүндө
Заманбап журналисттин ишмердүүлүгү гезиттер, журналдар, теле-, радиоэфирлер, интернет-ЖМКлар, маалымат агенттиктери үчүн журналисттик мультимедиялык материалдарды түзүү жөндөмүн, заманбап конвергенттик редакцияларда иштөө көндүмдөрүн, ар кандай медиа платформалар үчүн долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышууну, корпоративдик жана жарнамалык медиалар, PR-иш-чаралар жана жарнамалык кампаниялар үчүн контент түзүүнү талап кылат. Кафедранын кесиптик чөйрө (ЖМК редакциялары, басма сөз кызматтары, жарнамалык жана PR-агенттиктер) менен тыгыз байланыштары бүтүрүүчүлөргө өз алдынча же иш берүүчүлөрдүн суроо-талабы боюнча жумушка орношууга мүмкүнчүлүк берет.









