Окуу программасы жөнүндө
Профиль: Бухгалтердик эсеп жана санариптик аналитика. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсүнө, түздөн-түз ишкананын чарбалык, каржылык жана башкаруучулук эсепти документалдык түрдө жүргүзүүдөн тышкары, кеңири милдеттер чөйрөсү кирет: уюмдун башкаруу системасын, ошондой эле кредиторлорду, инвесторлорду жана бухгалтердик отчеттуулуктун башка колдонуучуларын маалыматтык камсыздоо; ишкананын чарбалык-каржылык ишмердүүлүгүн экономикалык талдоо, салык төлөмдөрүн эсептөө жана салык органдары жана бюджеттен тышкаркы фонддор менен мамилелер ж.б.









