Окуу программасы жөнүндө
Окутуунун максаты – тандалган илимий билим тармагында иштөө жана автоматташтырылган маалыматтык, эсептөөчү жана башкаруучу системалардын математикалык, маалыматтык, техникалык, программалык камсыздоо маселелерин чечүү, ошондой эле изилдөө объекттеринин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн эсептөө техникасынын техникалык каражаттарын жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу үчүн жогорку квалификациядагы адистерди (илимдин кандидаттарын) даярдоо.










