Окуу программасы жөнүндө
Программанын максаты — соода иши жаатында жогорку деңгээлдеги, демилгелүү, социалдык жоопкерчиликтүү, ишкер жана соода ишмердигин бизнес катары долбоорлоого байланышкан көп кырдуу милдеттерди чечүүгө даяр адисти даярдоо. Соода иши боюнча магистрлерди даярдоо концепциясы билим алуучуларда коммерциялык ишмердик, экономика, маркетинг жана соода-ортомчулук ишмердиги чөйрөлөрүндө бизнес-процесстерди уюштуруу жана башкаруу боюнча тереңдетилген компетенцияларды өздөштүрүүнүн негизинде ишкердик жөндөмдөрдү жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Программанын өзгөчөлүгү товар жүгүртүү чөйрөсүнүн алкагында кесиптик ишмердиктин багытын өзгөртүүгө мүмкүндүк берген ыңгайлашуу жөндөмдөрүн калыптандырууда.










