Окуу программасы жөнүндө
«Интеллектуалдык маалыматтык системалар жана технологиялар» профили боюнча окуу чоң маалымат топтомдорун чогултуу жана иштеп чыгуу жана алардын негизинде илимий жана өндүрүштүк ишмердүүлүктүн ар кандай тармактарында интеллектуалдык аракеттерди аткаруучу системаларды түзүү ыкмаларын билген бүтүрүүчүлөрдү даярдоого багытталган. Окуу процессинде студенттер заманбап информатиканын бардык үч компоненти менен таанышат: аппараттык, программалык жана алгоритмдик камсыздоо. Натыйжада, окутуунун жыйынтыгы боюнча бүтүрүүчүлөр конкреттүү маалыматтардын негизинде классификация, регрессия, кластерлөө, ассоциативдик эрежелерди издөө маселелерин эсептөө техникасынын каражаттары менен формулировкалап, коюп жана чече алышат










