Окуу программасы жөнүндө
Бакалаврлардын кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсү төмөнкүлөрдү камтыйт: технология, уюштуруу, пландаштыруу жана башкаруу, транспорттук системаларды техникалык жана коммерциялык эксплуатациялоо, бирдиктүү транспорттук системаны түзгөн транспорт түрлөрүнүн рационалдуу өз ара аракеттенүүсүн логистикалык принциптердин негизинде уюштуруу. Транспорттук системаларды эксплуатациялоо, транспорттук процесстерди моделдөө, радиожыштыктагы идентификация технологияларын жана учкучсуз транспорттук системаларды колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Мындан тышкары, студенттер татаал транспорттук системаларды моделдөө, актуалдуу маалымат системаларында практикалык иштөө, логистикалык программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча колдонмо билимдерди алышат










