Окуу программасы жөнүндө
Метрологдор товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо жана шайкештикти тастыктоо, аккредитациялоо маселелери менен алектенишет. Метрологдордун ишинин маанилүү элементи өлчөө каражаттарын текшерүү жана калибрлөө, катачылыктын чектүү маанилерин аныктоо болуп саналат. Ошондой эле, өлчөө каражаттарын программалоо, алардын виртуалдык кабыгын түзүү эмгек ишмердүүлүгүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат.










