Окуу программасы жөнүндө
Программа студенттерде бухгалтердик эсепти натыйжалуу жүргүзүүдө, каржылык пландаштырууда жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда санариптик инструменттердин жана маалыматтарды анализдөөнүн ролун комплекстүү түшүнүүнү калыптандырууга багытталган. Программаны өздөштүрүү учурунда студенттер төмөнкү кесиптик ишмердүүлүк маселелерин чечүү көндүмдөрүн алышат: илимий изилдөөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү; учурдагы жана стратегиялык башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн ар кандай отчеттуулук түрлөрүнүн маалыматтарын интерпретациялоо; уюмдардын бөлүмдөрүн башкаруу; чарба жүргүзүүчү субъекттин ишин экономикалык баалоо жана анын абалын болжолдоо үчүн маалымат булактарын издөө жана талдоо; маалымат системаларын колдонуу, ц










