Окуу программасы жөнүндө
Адистик программасы, окуу мөөнөтү - 5 жыл. Программанын максаты - автоматташтырылган маалыматтарды иштетүү жана башкаруу системаларын долбоорлоо, түзүү, колдонуу жана эксплуатациялоо жаатында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо. Программада системаларды түзүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана жетекчилик кылуу теориясы жана практикасын изилдөөгө чоң көңүл бурулат. Окуу планына физика-математикалык циклдин негизги дисциплиналары жана программалоо, операциялык системалар, тармактык технологиялар, маалымат базаларын башкаруу системалары, схемотехникалык дисциплиналар, маалыматты коргоо, автоматташтырылган системаларды долбоорлоо жана эксплуатациялоо боюнча атайын дисциплиналардын блоктору киргизилген.










