Окуу программасы жөнүндө
Программа жогорку квалификациялуу медициналык адистерди, атап айтканда, саламаттыкты сактоо тармагында медициналык, уюштуруучулук, административдик жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө даяр дарыгерлерди даярдоого багытталган. Бүтүрүүчүлөр курч ооруларда, өнөкөт оорулардын күчөшүндө, өзгөчө кырдаалдарда медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо, реабилитациялык иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле саламаттыкты сактоодо жаңы ыкмаларды жана технологияларды иштеп чыгуу жана киргизүү үчүн зарыл квалификацияга ээ болушат. Программа англис тилинде ишке ашырылат.









