Окуу программасы жөнүндө
«Тоо иши» программасы эң татаал жана жооптуу инженердик адистиктердин бири болуп саналат. Программа ачык жана жер астындагы ыкмалар менен катуу пайдалуу кендерди казып алуу, ошондой эле аларды кайра иштетүү боюнча адистерди даярдоого багытталган. Программа боюнча даярдоо үч адистик боюнча жүргүзүлөт: «Рын кендерин жер астында иштетүү», «Ачык тоо иштери» жана «Тоо машиналары жана жабдуулары».
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Тоо-кен инженери, жардыргыч, бургулоочу, тоо-кен жумушчусу, тоо-кен устасы, тазалоочу кесүүчү тоо-кен жумушчусу, бекитүүчү, тоо-кен жабдууларын монтаждоочу, жардыргыч материалдарды таратуучу, өтүүчү, тоо-кен казып алуу машиналарынын машинисти, желдетүү жана коопсуздук техникасы боюнча инженер, тоо-курулуш курулуштарын монтаждоочу, тоо-кен инженери-механик, тоо-кен жабдууларын монтаждоочу, слесарь-ремонтчу