Окуу программасы жөнүндө
Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсү билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү, юриспруденция, башкаруу, калкка социалдык жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү кесиптик маселелерди чечүүнү камтыйт. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн объектилери болуп адамдын психикалык процесстери, касиеттери жана абалы; алардын адам ишмердүүлүгүнүн ар кандай тармактарында, индивид, топ, коомчулук деңгээлиндеги жеке жана социалдык өз ара аракеттенүүлөрдө көрүнүшү, ошондой эле алардын уюштуруу, өзгөртүү, таасир этүү ыкмалары жана формалары саналат. Окуу процессинде студенттер диагностикалык-коррекциялык жана алдын алуу иштерин, ошондой эле психологиялык консультацияларды жүргүзүүнү үйрөнүшөт.






