Окуу программасы жөнүндө
Профиль: Маалыматтар экономикасы. Программа математика, экономика жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында кеңири компетенцияларга ээ болгон, заманбап IT-технологияларды жана программалык продуктуларды колдонуу менен чоң көлөмдөгү маалыматтарды чогултуу жана иштетүү көндүмдөрүнө ээ, изилденип жаткан объектилердин микро жана макро деңгээлдердеги көйгөйлөрүн аныктай алган, аларды өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгып, экономикалык жактан негиздей алган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган. Окутуу орус тилинде жүргүзүлөт.







