Окуу программасы жөнүндө
Профиль: Жасалма интеллект жана маалыматтык технологиялар. Бакалаврлардын кесиптик ишмердигинин чөйрөсүнө байланыш, маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар кирет (программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана тестирлөө; маалыматтык-коммуникациялык системаларды жана маалымат базаларын түзүү, колдоо жана башкаруу; «Интернет» маалыматтык-телекоммуникациялык тармагындагы маалыматтык ресурстарды башкаруу багыттарында).
Бүтүрүүчүнүн кесиптик ишмердигинин негизги объекттери болуп эсептөө системаларынын, комплекстеринин, компьютердик тармактардын, жасалма интеллект жана машиналык окутуу системаларынын математикалык, алгоритмдик жана программалык камсыздоосу саналат. Окутуу орус тилинде жүргүзүлөт.







