Окуу программасы жөнүндө
Профиль: Компьютердик технологиялардын жана жасалма интеллект системаларынын программалык камсыздоосу. Билим берүү программасын өздөштүрүү процессинде студенттер заманбап компьютердик технологияларды жана жасалма интеллект системаларын иштеп чыгуунун бардык баскычтарында жана этаптарында колдонулуучу теориялык аспектилерди, инструменталдык каражаттарды, технологияларды жана ыкмаларды, анын ичинде бизнес жана системалык аналитиканы, архитектураны долбоорлоону, ишке ашырууну, тестирлөөнү жана коштоону терең үйрөнүшөт. Студенттер программалоо тилдерин окуп, интеллектуалдык системаларды иштеп чыгууга жана оптималдаштырууга катышып, жасалма интеллект жаатындагы заманбап технологиялар менен иштөө тажрыйбасына ээ болушат. Окутуу орус тилинде жүргүзүлөт.







