Окуу программасы жөнүндө
Профиль: Техникадагы жана технологиялардагы маалыматтык системалар. Программанын өзгөчөлүгү — ар түрдүү типтеги жана багыттагы маалыматтык, компьютердик жана микрокомпьютердик системалардын программалык жана аппараттык компоненттерин бирдей деңгээлде жакшы билген, аларды түзүүгө жана иштетүүгө байланыштуу иштерге катыша алган ар тараптуу адистерди даярдоо. Студенттер маалыматтык технологиялар, маалыматтык тармактар, программалоо, маалыматты иштетүүнүн интеллектуалдык ыкмалары, билимдер базаларын жана маалымат базаларын түзүү жана пайдалануу, эксперттик системалар жаатында теориялык билим жана практикалык тажрыйба алышат. Окутуу орус тилинде жүргүзүлөт.







