Окуу программасы жөнүндө
Профиль: Электр менен камсыздоо. Окутуу өнөр жай электроникасы кафедрасынын алдыңкы окутуучуларынын, ар түрдүү тармактардагы жогорку квалификациялуу адистердин жана окумуштуулардын жетекчилиги астында жүргүзүлөт. Электр менен камсыздоо системаларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, алардын түзүмдөрүн жана иштөө режимдерин оптималдаштырууга, электр менен камсыздоо системаларында альтернативдүү энергия булактарын колдонууга, электр энергетика объектилерин диагностикалоо ыкмаларына жана иштеп жаткан электр түзүлүштөрүндө электр коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан изилдөөлөргө өзгөчө көңүл бурулат. Окутуу орус тилинде жүргүзүлөт.







