Окуу программасы жөнүндө
Бакалаврлар төмөнкү тармактар боюнча билим алышат: жылуулук жана газ менен камсыздоо системалары, желдетүү, ошондой эле өнөр жай, административдик, коомдук жана турак жай имараттарында абаны кондициялоо, жылуулук жана газ тармактары, жылытуу, ошондой эле өндүрүштүк казандар, ЖЭБ, энергияны үнөмдөө системалары, имараттарда микроклимат орнотуу системалары жана айлана-чөйрөнү инженердик коргоо.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Бүтүрүүчүлөр тышкы жылуулук жана газ тармактарын, ички жылытуу, желдетүү, абаны кондициялоо, газ менен камсыздоо системаларын, ошондой эле жылуулук өндүрүүчү түзүлүштөрдү куруу жана реконструкциялоо боюнча уюмдарда, жогоруда көрсөтүлгөн системаларды эксплуатациялоо боюнча уюмдарда иштешет; тармактык мүнөздөгү долбоордук мекемелерде, бул системаларды долбоорлоо жана конструкциялоо менен байланышкан маселелерди чечүүдө; илимий мекемелерде жылуулук-газ менен камсыздоо, желдетүү, энергияны рационалдуу пайдалануу жана аба бассейнин коргоо жаатындагы жаңы технологияларды колдонуу максатында илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук иштерди аткарууда иштешет.