Окуу программасы жөнүндө
Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет: илимий-техникалык маалыматтарды, изилдөө тематикасы боюнча ата мекендик жана чет элдик тажрыйбаларды талдоо; атайын иштелип чыккан программалык каражаттарды жана автоматташтырылган долбоорлоо жана изилдөөнүн стандарттык пакеттерин колдонуу менен процесстерди жана объектилерди математикалык моделдөө; өлчөөлөрдү, эксперименттерди жана байкоолорду жүргүзүү, жыйынтыктарды талдоо, жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн сүрөттөмөсүн түзүү, серептерди, отчетторду жана илимий басылмаларды түзүү үчүн маалыматтарды даярдоо; аткарылган тапшырма боюнча отчет түзүү, изилдөө жана иштеп чыгуулардын жыйынтыктарын ишке ашырууга катышуу.









