Окуу программасы жөнүндө
Профиль боюнча окуган бакалаврлар шаардык энергетикалык тармактарды долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо боюнча адистештирилген көндүмдөрдү жана билимдерди алышат. Профиль боюнча билим берүү ишмердүүлүгүнүн объекттери: электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү, электр жана жылуулук энергиясын өзгөртүү жана колдонуу, энергия агымдарын башкаруу, элементтерди, түзүлүштөрдү жана системаларды иштеп чыгуу жана даярдоо, электр берүү линияларын монтаждоо технологиясы, курулушту уюштуруу, жылуулук электр станцияларын жабдуу, энергетикалык тармактардын долбоорлорун негиздөө.









