Окуу программасы жөнүндө
Студенттерди окутуу техносфералык аймакта адамдын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комплекстүү системаларды иштеп чыгууга, шаардын жана аймактын экологиялык-логистикалык схемаларын долбоорлоого, аймактардын жана өнөр жай объекттеринин коопсуздугун экспертизалоого жана өнөр жай коопсуздугу боюнча нормативдик-техникалык документтерди даярдоого кесиптик милдеттерди аткарууга даярдайт. Студенттер эмгек коопсуздугу жана өнөр жай коопсуздугу боюнча бардык бөлүмдөрдүн ишине методикалык жетекчилик кылууну, бул иштин абалын жана анын жыйынтыктарын текшерүүнү, текшерүү материалдарын жалпылоону үйрөнүшөт.









