Окуу программасы жөнүндө
Бакалавриаттын бүтүрүүчүлөрү окуу учурунда автоматтык башкаруу, кибернетика, моделдөө, системалык анализ жана чечим кабыл алуу, маалымат теориясы жана коддоо, эсептөө машиналары, системалар жана тармактар, санариптик электроника жана башкаруучу микро-ЭЭМ тармактарында кесиптик компетенцияларды алышат. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсү болуп өнөр жай жана коргонуу тармактарындагы системалар жана башкаруу каражаттарын долбоорлоо, изилдөө, өндүрүү жана эксплуатациялоо; автоматтык жана автоматташтырылган башкаруу системаларын изилдөө жана долбоорлоо, көзөмөлдөө, техникалык диагностика жана өнөр жай сыноолору үчүн заманбап программалык жана аппараттык каражаттарды түзүү мүмкүн.









