Окуу программасы жөнүндө
Билим берүү программасынын айырмалоочу өзгөчөлүгү инновациялык ишмердүүлүккө тиешелүү зарыл болгон теориялык жана практикалык билимдерди алуу болуп саналат. Билим берүү программасынын артыкчылыктары - актуалдуулугу, суроо-талабы, алынган билимдерди кеңири колдонуу, жашоо ишмердүүлүгүнүн ар кандай тармактарын жана чөйрөлөрүн камтуу. Студенттер башкаруу, инновациялык технологиялардын натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн баалоо, аларды иштеп чыгуу жана долбоорлоо, заманбап маркетинг инструменттери аркылуу рынокко чыгаруу жаатында билим алышат.









