Окуу программасы жөнүндө
Өрт коопсуздугу адамдарга өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасирин алдын алууга жана андан материалдык зыянды чектөөгө багытталган иш-чаралардын жана техникалык каражаттардын комплексин билдирет. Адистиктин бүтүрүүчүлөрү ар кандай деңгээлдеги өрт коопсуздугу системаларын долбоорлоого жана эсептөөгө даярдалат. Студенттерди окутуу тармактар аралык мүнөзгө ээ болуп, объектилердин өрт коопсуздугун камсыздоо принциптерин, адамды жана жашоо чөйрөсүн пайда болгон коркунучтардан коргоо ыкмаларын жана каражаттарын өздөштүрүүнү камсыз кылат.









