Окуу программасы жөнүндө
Программанын максаты - жеке адамдын, коомдун жана мамлекеттин, экономикалык ишмердүүлүк субъекттеринин экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, экономика чөйрөсүндөгү мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу жаатында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо. Окуу процессинде уюмдун ишмердүүлүгүн экономикалык жана укуктук баалоо, каржылык мониторинг, ар кандай менчик формасындагы уюмдардын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, экономика чөйрөсүндөгү кылмыштардын алдын алуу жана аныктоо, тобокелчиликтерди талдоо жана кризиске каршы башкаруу боюнча терең билимдер жана практикалык көндүмдөр алынат.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсү: экономикалык, юридикалык, каржылык, өндүрүштүк-экономикалык жана аналитикалык кызматтар, ар кандай тармактардагы, чөйрөлөрдөгү жана менчик формаларындагы уюмдардын коопсуздук жана атаандаштык чалгындоо кызматтары; мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары, көзөмөл жана фискалдык органдар, укук коргоо органдары, консалтингдик фирмалар. Кызмат орундары: экономист, экономист-аналитик, бухгалтер; салык инспектору жана консультант; экономикалык жана салык коопсуздугу боюнча адис; ишканалардын жана уюмдардын пландоо-экономикалык жана каржылык кызматтары боюнча адис; банктардын жана башка кредиттик уюмдардын, камсыздандыруу уюмдарынын ички көзөмөл кызматтарынын адис.