Окуу программасы жөнүндө
Программанын негизги максаты – жаратылыш коомдорунун экологиялык абалын баалоо, жаратылыш чөйрөсүнүн абалын мониторинг кылуу, экологиялык экспертиза жүргүзүү жаатында билимге ээ магистрлерди даярдоо. «Экологиялык экспертиза» программасынын өзгөчөлүгү магистранттардын заманбап экологиялык илимдин негизги багыттарын өздөштүрүүсүндө турат. Программанын дисциплиналар топтому илимий, практикалык жана жаратылышты коргоо багытындагы предметтерди камтыйт.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Түзүлгөн компетенциялар бүтүрүүчүлөргө бул багыт боюнча практикадан өтүүгө жана жаратылышты коргоо органдарында жана жаратылышты пайдалануу башкармалыктарында, өндүрүштүк ишканаларда, долбоордук, илимий-изилдөө институттарында жана жогорку окуу жайларында, экологиялык лабораторияларда, санитардык-гигиеналык жана эпидемиологиялык борборлордо, өзгөчө кырдаалдар кызматтарында, айлана-чөйрөнү коргоо менен алектенген компанияларда жана институттарда натыйжалуу иштөөгө мүмкүндүк берет.