Окуу программасы жөнүндө
Финансист – бул каржылык рыноктордун тенденцияларын мыкты түшүнгөн, өзгөрүүлөрдү туура алдын ала болжолдогон жана ар кандай долбоорлорго акча салган, инвестициялоо тобокелчиликтерин анализдеген адам. Ал ири ишканаларда гана эмес, чакан фирмаларда, ошондой эле жеке ишкердик чөйрөсүндө да талап кылынат. Мисалы, акыркы убакта финансисттер көп учурда фонддук жана валюталык биржаларда соода кылган адамдардын жеке консультанттары болуп калышат. Финансисттер ар кандай мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда: банктарда, инвестициялык фонддордо, биржаларда, ишканалардын экономикалык жана финансылык кызматтарында керек.









