Окуу программасы жөнүндө
Магистратура программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү, магистратура программасы багытталган кесиптик ишмердүүлүктүн түрүнө (түрлөрүнө) ылайык, төмөнкү кесиптик милдеттерди чечүүгө даяр: илимий-изилдөө ишмердүүлүгү: иш пландарын жана илимий изилдөөлөрдү жана техникалык иштеп чыгууларды жүргүзүү программаларын иштеп чыгуу, аткаруучулар үчүн айрым тапшырмаларды даярдоо; изилдөө темасы боюнча илимий-техникалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, талдоо жана системалаштыруу, маселени чечүү методикаларын жана каражаттарын тандоо; методикаларды, программаларды, пландарды иштеп чыгуу жана эксперименттерди жана сыноолорду өткөрүүнү уюштуруу, алардын жыйынтыктарын талдоо ж.б.









