Окуу программасы жөнүндө
Бул программа өз тагдырын электроэнергетика менен байланыштырып, электр энергиясын өндүрүү, бөлүштүрүү жана керектөө ыкмалары боюнча адис болууну каалагандарга ылайыктуу. Программанын милдеттери өнөр жай ишканаларын жана ар кандай максаттагы башка объектилерди электр менен камсыздоо системаларын долбоорлоо жана натыйжалуу эксплуатациялоо жөндөмүнө ээ кесипкөйлөрдү даярдоо; электроэнергетикалык системаларды эксплуатациялоо, долбоорлоо жана өнүктүрүү жаатында кесипкөйлөрдү даярдоо; электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү технологияларын жакшы түшүнгөн кесипкөйлөрдү даярдоо









