Окуу программасы жөнүндө
Магистрдик программа ар кандай кесиптик тармактарда адистерди даярдоого багытталган (чет тилдерин окутуу, билим берүү программаларын жана курстарын иштеп чыгуу, оозеки жана жазуу жүзүндө которуу, маданият аралык медиация, лингвистика, филология, лингводидактика, педагогика жана маданият аралык коммуникация жаатындагы илимий-изилдөө жана долбоордук ишмердүүлүк). Программанын бүтүрүүчүлөрү илимий-изилдөө, эксперттик-аналитикалык, педагогикалык, филологиялык, маданият аралык, редакциялык-басып чыгаруу жана уюштуруу-башкаруу чөйрөлөрүндө карьера жасай алышат.









