Окуу программасы жөнүндө
Бул магистрдик билим берүү программасы банктардын, фондулук биржалардын, камсыздандыруу компанияларынын, инвестициялык фонддордун жана капитал рынокторунун иштөө принциптери боюнча фундаменталдык билимге ээ адистерди даярдоого багытталган. Студенттер баалуу кагаздарды, биржа ишин, банк операцияларын, тобокелдиктерди башкарууну, ошондой эле финансылык секторду жөнгө салуунун укуктук негиздерин тереңдетип үйрөнүшөт. Бүтүрүүчүлөр заманбап финансылык технологиялар (FinTech) жаатында комплекстүү компетенцияларга ээ болуп, бул аларга алдыңкы кредиттик жана инвестициялык институттарда ийгиликтүү карьера курууга мүмкүнчүлүк берет.







