Окуу программасы жөнүндө
Окутуунун негизи лидерлик сапаттарды өнүктүрүү, социалдык-экономикалык процесстерди башкаруу жана коомдук пикирди түзүү чөйрөсүндө практикалык көндүмдөрдү алуу болуп саналат. Программанын бүтүрүүчүлөрү социалдык, экономикалык жана саясий мүнөздөгү көйгөйлөрдүн пайда болуу себептерин аныктоого жана алардын маңызын талдоого мүмкүндүк берген кесиптик компетенцияларга ээ; социалдык-саясий мүнөздөгү ар түрдүү маалыматтарды, анын ичинде маалыматтык технологияларды колдонуу менен, туура мониторинг жүргүзүү жана баалоо; актуалдуу социалдык жана саясий маселелер жана көйгөйлөр боюнча саясий күчтөрдүн жайгашуусун, өнүгүү динамикасын жана божомолун талдоо жана башкалар.


















