Окуу программасы жөнүндө
Бүгүн биздин жашообузду электр энергиясысыз элестетүү кыйын. Экологиялык жана климатологиялык маселелер, өндүрүш процесстерин санариптештирүү биринчи планга чыгууда. Энергиянын альтернативдүү түрлөрүнүн спектри кеңейүүдө. Электроэнергетика жана электротехника жаатындагы бакалаврлар электр энергиясынын негизги мыйзамдарын, генерациянын түрлөрүн (ядролук жана жылуулук, күн жана шамал энергиясы, гидроэнергетика), электр энергиясын берүү ыкмаларын жана башкаруу системаларын изилдешет.


















