Окуу программасы жөнүндө
Консультативдик психология. Программа жеке адамдарга, өндүрүштүк жана коммерциялык ишмердүүлүк субъекттерине, билим берүү ишмердүүлүгүнө, мамлекеттик башкаруу субъекттерине консультациялык психологиялык жардам көрсөтүү чөйрөсүндө практикалык жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнө даярдайт. Ишмердүүлүк чөйрөсү психологиялык жардам борборлорун, саламаттыкты сактоо мекемелерин, коомдук уюмдарды, мамлекеттик жана аскердик кызматты, коммерциялык жана өндүрүштүк уюмдарды, үй-бүлөлөрдү камтыйт.












