Окуу программасы жөнүндө
Билим берүү программасы бизнес-анализ боюнча адистердин ишмердүүлүгүнүн бардык негизги аспектилерин камтыйт: кызыкдар тараптардын чөйрөсүн аныктоо, бизнес-талаптарды чогултуу, бизнес-процесстерди моделдөө жана оптималдаштыруу. Билим берүү программасын өздөштүргөн бүтүрүүчүлөр микродеңгээлде жана макродеңгээлде социалдык-экономикалык процесстерди жана көрүнүштөрдү талдоо жана божомолдоо жаатында эксперттик-аналитикалык кызматтарда (коммерциялык уюмдарда, экономикалык анализ борборлорунда, өкмөттүк сектордо, коомдук уюмдарда) кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзө алышат.












