Окуу программасы жөнүндө
Бүгүнкү күндө маалыматтык технологиялар учак, унаа, медициналык түзүлүштөр, роботтор жана башка көптөгөн техникалык системаларда колдонулат. Колдонмо информатика жаатындагы адистер мындай системалардын иштеши үчүн зарыл болгон программалык камсыздоону иштеп чыгуу, киргизүү жана колдоо менен алектенишет. Эгер сиз маалымат системаларын иштеп чыгуу жана техникалык процесстерди башкаруу, ошондой эле программалоо, маалымат базалары, тармактык технологиялар жана маалымат коопсуздугу жаатында кесиптик көндүмдөрдү алгыңыз келсе, анда бул билим берүү программасы сиз үчүн.










