Окуу программасы жөнүндө
Программа информатика жана маалымат системаларынын архитектурасы жаатында кесиптик ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга, долбоордук, аналитикалык жана уюштуруу-башкаруу түрүндөгү кесиптик ишмердүүлүк маселелерин чечүүгө жөндөмдүү бизнес үчүн адистерди даярдоону ишке ашырат.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Бүтүрүүчүлөр финансы жана экономика тармагында иштешет — бизнес-анализ менен алектенишет, төлөм системаларын жана алардын кызматтарын уюштурушат жана өнүктүрүшөт. Административдик-башкаруу тармагында алар маалыматтык технологияларды колдонуу менен иш процесстерин оптималдаштырышат жана автоматташтырышат. Ошондой эле байланыш жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө талап кылынат: ишканалардын бизнес-процесстерин анализдеп, моделдештирип, маалыматтык системаларды өнүктүрүүнү пландап, башкаруучулук чечимдерди кабыл алууну колдошот. Мындан тышкары, бүтүрүүчүлөр билим берүү жана илимий изилдөөлөр чөйрөсүндө карьера куруп жатышат.